Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Кытай Хэйгелдин сынын четке какты


АКШнын коргонуу катчысы Чак Хэйгел Кытайдын Түштүк Кытай деңизиндеги аймактык мүдөөлөрү аймакты туруксуздаштырып, эл аралык тартипке коркунуч келтирип жаткандыгын бүгүн Сингапурдагы эл аралык коопсуздук конференциясында билдирген.

Кытайдын башкы штабынын жетекчисинин орун басары Ван Гуан Чоң Хэйгелди «Кытайды коркутат» деп күнөөлөдү:

– Биринчиден, Хэйгелдин сөзү гегемониялык сөз болду, экинчиден ал коркутуп - үркүттү. Үчүнчүдөн, катчынын сөзү Азия-Тынч океан аймагын дестабилдештирет, төртүнчүдөн анын сөзү жалаң чырлуу фразаларга жык толгон сөз болду.

Сингапурда сүйлөгөндө Хэйгел Кытайды кибернетикалык тыңчылык үчүн да күнөөлөгөн эле.

XS
SM
MD
LG