Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:06

Абхазиядагы шайлоо 24-августка белгиленди


Абхазияда чукул шайлоо 24-августка белгиленди. Орусия менен саналуу өлкөлөр гана тааныган Абхазияда президентпиз деген эки адам бүгүн жолугуп, саясий кризисти талкуулайт. Александр АнкВаб менен Валерий Б-Ган-Ба экөө тең Грузиядан бөлүнүп кеткен жумурияттын башчысыбыз деп ырасташууда.

Парламенттин мүчөсү, оппозиция лидери Раул Хаджимба бүгүнкү сүйлөшүү элдин биримдигине кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

27-майда оппозициячыл демонстранттар өкмөттүн кетишин талап кылып, кеңсесине басып киргенде аймактын президенти саналган АнкВаб Кара деңиздеги Орусиянын аскер базасына барып жашынган эле. Кечээ парламенттин имаратын көзөмөлдөп турган оппозициячыл депутаттар ага импичмент жарыялап, парламенттин төрагасы Б-ган-Баны өткөөл президенттике шайлашты

XS
SM
MD
LG