Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:22

АКШнын “Манастагы” жүк ташуу борбору жабылуу алдында


"Манас" Транзиттик борборундагы аскерлер, 23-март, 2013.
"Манас" Транзиттик борборундагы аскерлер, 23-март, 2013.
“Манас” аба майданындагы АКШнын жүк ташуу борборунун командачысы Жон Миллард борбор эртеңден тарта расмий түрдө жабылаарын бүгүн журналисттерге билдирди. Анын айтымында, 3-июнда борбордун расмий жабылышы болуп, кыргыз өкмөтүнө символикалуу түрдө базанын ачкычы тапшырылат. Муну менен катар кыргыз тарапка борбордогу 30 миллион долларлык техника кошо тапшырылмакчы. Миллард кошумчалагандай, борбордо учурда 400гө жакын аскер бар. Алардын баары келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө чыгып кетет. Келишимге ылайык, алар июль айына чейин чыгарылып кетиши керек.

Борбордун бир бөлүгү Румыниядагы базага көчүрүлдү. Калганы Кошмо Штаттарга ташылып кетмекчи.

“Манас” Транзиттик борбору жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы кол коюлган. Анда ижара мөөнөтү 2014-жылдын соңунда аяктаары жазылган. Бирок былтыр 26-июнда Кыргызстан ал документти бир тараптуу денонсациялаган.(BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG