Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:55

Москвада эки кыргызстандык сууга чөгүп каза болду


Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 30 жаштагы эки кыргызстандык жаран ишемби күнү Москвадагы Чертанов көлмөсүнө эс алганы барган. Ал жактан кыргызстандыктардын бири мас абалында сууга түшүп жатып, чөгүп кеткен. Шеригин куткарам деген экинчи кыргызстандык да сууга кирип, чыкпай калган. Каза болгон адамдардын сөөгү табылып, жакындарына берилди.

Бул окуядан улам Кыргызстандын Москвадагы элчилиги кыргызстандыктарды жайкы эс алуу маалында этият болууга чакырууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG