Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Жусуп Мамай - эң акыркы могикан


Арабыздан баарыбыз башыбызды ийип, талантына ар дайым таазим эткен, агабыздай эмес, атабыздай көргөн атактуу манасчы Жусуп Мамай келбес сапарга узады.

Кыргызстанда эмес, Кытайда жашаса да көзүбүзгө Кан-Теңирдин зоосундай залкар, сүйлөсө сөзү, айтса кеби дарыдай сезилген Жусуп атабыз көзү тирүүсүндө кыргыздын эпикалык доорунун соңку элеси, Чоюке, Сагымбай жана Саякбай сыяктуу титандардын татыктуу уландысы, тирүү легенда сыяктуу көрүнчү эле.

Эми кошуна Кытайга канча каттасак да, жашоо-тирлиги жаңыдан жакшырып келаткан кандаштарыбызга канчалык кубансак да, бир чоң кенемтебиз баары бир толбой келе турган болуппуз. Анткени жер үстүндө Жусуп атабыз жок. Анткени артына томдогон китептерди калтырып, өмүр бою адамзат рухунун алпы “Манас” менен алектенген, чоң Жуңгого, б.а. бир жарым миллиард калкы бар Кытайга кыргыздардын улуу эпосун чамасынын жетишинче тараткан, бул зор мамлекеттин бардык маанилүү сыйлыктарына татыктуу болгон соңку могикан - Жусуп Мамай оо дүйнө салыптыр…

Бул залкар инсанды бир сөз менен сүрөттөп чыгуу же кыска некрологдо жеткире баа бериш зилинде мүмкүн эмес нерсе го, ошондой болсо да аны терең акылдын түгөнгүс кенчи жана символу кан Бакайга салыштырсак туура келмек. Ал эми сүрөткерлик интеллекти, манасчы катары масштабы чынында да теңдешсиз болчу. Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас” классикалык айтымдагы үчилтик менен (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) эле бүтүп калбай, ”Кененим”, “Сейит”, “Асылбача-Бекбача”, “Сомбилек”, “Чигитей” деп уланып, кыргыз эпосу сегиз бөлүктөн турган зор эпопеяга айланган эле.

Азыркы күндө Кытайда басылып чыккан “Манас” эпосу 18 томдон турат. Баары Жусуп Мамайдын колунан чыккан. Албетте, эпос кытай тилине да которулду жана тарады. Ал гана эмес Кытайдын окуу китептерине кирди, бардык Кытай энциклопедияларына кенен-кесири жазылды. Азыр кытай тилиндеги кандай гана интернетти ачып карабаңыз, “Мамай” деген сөздү басканда, жайнаган информация чыгат, “эң улуу”, “эң залкар” деген сөздөр биринин артынан экинчиси келет.

Дегеним, Кыргыз-түрк Манас университетиндеги мен жетекчилик кылган Чыгыш тилдер кафедрасында кытай тили бөлүмү да бар, ал бөлүмдө Конфуций институтунун адистери иштейт. Ал мугалимдер Жусуп Мамайды жалпы эле Шиңжаң-Уйгур автоном районунун эң бир атактуу адамы, легендарлуу инсаны катары карашат. Ошол Жусуп Мамай атабыздын ат көтөргүс аброю бар үчүн Кытай Эл Республикасы бюджетинен ЮНЕСКОго миллиондогон доллар акча бөлүп, “Манасты” дүйнөдөгү сейрек кездешкен руханий мурас катары сактаганга жана коргогонго спонсор болгон эле. Ырас, мунун маанисин түшүнгөн бар, түшүнбөгөн бар. Биздин айрым жарма патриоттор аны теңирден тескери кабыл алып, кээ бир дөөпөрөстөр Жусуп атабызга тилин да тийгизип, акааратын да айтып ийди го, аттиң… Чын-чынына келгенде муну биз “Манас” эпосун бүт цивилизациялуу дүйнө колдоп, жалпы адамзаттын орток менчиги деп кабыл алып жатат деп түшүнүшүбүз керек эле. Ошон үчүн 1994-жылы Бириккен улуттар уюму атайын чечим чыгарып, “Манастын” 1000-жылдыгы бүт дүйнөдө белгиленгенин билишибиз керек эле.

Айтор, улуу манасчы Жусуп Мамайдын арабыздан кетиши кабыргабызды кайыштырып, оюбузга көп нерсе келип турган кез. Ошону менен бирге ичибизде сыймыктануу сезими, ал кишинин арбагына терең ыраазычылык сезими да башбагып турганын кантип жашырабыз. Анткени ал киши адамдык, инсандык милдеттеринин баарын так өтөп, кыргыз элине кылым унутпай турган кызматын кылып кетти.

Ооба, Жусуп атабыз көп жашады, бактылуу жашады. Ар качан элдин сыйында, калктын урматында болду. Артына 18 томдук “Манасын” калтырды. Башкача айтканда, жер үстүндөгү өмүрүн текке кетирбей, атын ар дайым эскерип, элесине качан болсо сыйына турган зор эстелигин, ак булутту челиген айкелин орнотуп кетти. Ошондуктан жалпы кыргыз калкына салабат айталы, тууган-уруктарына атабыздын арты кайырлуу болсун деп тилейли.

Улуу инсан, эң соңку могикан, баарыбызга бирдей кымбаттуу кандашыбыз Жусуп Мамайдын экинчи өмүрү кылымдардын кыйырын аралап, ар дайым кыргыздын сыймыктуу адамдарынын бири катары эсибизде кала берээрине эч бир шек жок.

XS
SM
MD
LG