Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Алайдагы жол тосуу бюджетке 100 миллион сомдой чыгым кылды


Тосулган жолдо токтоп турган жүк ташуучу унаалар. Алай району, 29-май, 2014.
Тосулган жолдо токтоп турган жүк ташуучу унаалар. Алай району, 29-май, 2014.
Жогорку Кеңештин камактагы депутаты Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош-Эркеч-Там жолун буушунан бюджетке 110 миллион сом бажы төлөмдөрү түшпөй калды. Бул тууралуу бүгүн Бажы кызматынан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, буулган жолдо ушу тапта 109 жүк ташуучу машине токтоп турат. Алардагы жүктүн салмагы 1 764 тоннаны түзөт. Жолдо токтоп турган жүктөрдөн күн сайын орто эсеп менен бажы төлөмдөрү 11,5 миллион сомго аз топтолуп жатат.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолун Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери бууп турат. Алар депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG