Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:11

"Центерранын" акцияларынын куну 20% түштү


Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык "Центерра Голд" компаниясынын акцияларынын наркы 19.75% түштү. Кечээ 2-июнда Торонтодогу фондулук биржасында “Центерранын” акциясын сатуу эки саатка убактылуу токтотулганы аталган фондулук биржанын расмий сайтында кабарланды.

"Центерра Голд” компаниясы кыргыз өкмөтү Кумтөрдү иштетүү боюнча техникалык долбоор бекитпей жатканын билдирип, долбоор 13-июнга чейин бекитилбесе, кендеги ишти токтотоорун эскерткен болчу. Ушул билдирүүдөн соң, бир акциянын баасы 4.57 канада долларынан 3.20 канада долларына түшүп кеткен. Учурда бир акция 3.70 канада долларын түзүүдө. Бир канада доллары - 47.85 сом.(BAz/BkA)

XS
SM
MD
LG