Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Алайда жол тоскондор раймилиция башчысын кубалап жиберишти


Жол тосулган жерде, 2-июнь, 2014.
Жол тосулган жерде, 2-июнь, 2014.
Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан Ош - Эркеч-Там жолун тосуп турган камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери бүгүн кечке жуук алар менен сүйлөшүүгө келген райондук милициянын башчысын кубалап жиберишти. Бул тууралуу "Азаттыкка" окуяга байкоо салып турган жергиликтүү журналисттердин бири билдирди. "Азаттык" бул боюнча Ош облустук милициясына, райондук бийликке кайрылганда алар мындай окуя болгонун тастыктаган да, төгүндөшкөн да жок.

Көп өтпөй жергиликтүү сайттардын бири бул окуядан тартылган видео тасманы чыгарды. Анда бетин чүмбөттөп алган беш-алты атчан жигит айыл четинде токтоп турган бир автоунаага кыйкырып-өкүрүп ат чаптырып келгени, машинедегилер алардан качып кеткени тартылган. Жаалданган атчандар андан ары жол четиндеги бейтааныш адамдарга ыдык көрсөтүп, алардын кимдигин сурап кекетип-мокотуп кирген. Тиешелүү тараптар бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.

Акматбек Келдибековдун тарапкерлери аталган жолду 27-майдан бери бууп турат. Алар депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышууда. (SM)

XS
SM
MD
LG