Алдамчылык кылды деген күнөө менен эки жылдан бери Казакстанда камакта отурган Вадим Курамшин ачкачылык жарыялады. Ал акцияны “айып изоляторуна” киргизилгенден соң баштады.
Курамшин күч кызматкерлеринен ага басым жасоону токтотушун жана башка колонияга которуп, медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылууда. Бул тууралуу анын адвокаты Дмитрий Баранов билдирди.
Казакстандык бир катар укук коргоочулар Курамшинди саясий туткун деп аташты. Ал бир топ жылдан бери абакта отургандардын укугун коргоп келген. Түрмөдөгү кыйноолорго каршы жүргүзгөн күрөшү үчүн өткөн жылы Людовик Трарье атындагы адвокаттардын эл аралык сыйлыгын алган.