Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Алайда кардан улам чабандар жайлоодон түшө баштады


Алай районунун Сары-Могол, Талды-Суу жана Сары-Таш айыл аймактарына 3-июнь күнү жааган кардан улам жайлоого чыгып кеткен чабандар артка кайта баштады. Суукка байланыштуу 3 баш кой өлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жергиликтүү тургундар кабарлашкан. Мекеменин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдиргендей, жааган кардын калыңдыгы 30 сантиметрге жеткен.

Адистер өлкө аймагында катаал аба ырайын 6-июнга чейин сакталаарын эскертип жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG