Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:49

ЮСАИД бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектебөөгө чакырды


Бул тууралуу бүгүн ЮСАИДдин Кыргызстандагы миссиясынын башчысы Майкл Грин Бишкекте өтүп жаткан жарандык коом маселелерине арналган конференцияда билдирди. Ал өлкө бийлигин бейөкмөт уюмдардын ишмердигин чектөө боюнча ар кыл демилгелерге каршы турууга чакырды. Грин өлкөдө өкмөттүк органдар жарандык коом менен тыгыз кызматташып, анын өнүгүшүнө шарт түзүшү керектигин да белгиледи.

Өткөн жылдын соңунда парламенттеги “Ар-намыс” фракциясынын депутаттары Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев саясий ишмердүүлүк менен алектенген бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчы деп табуу боюнча мыйзам долбоор сунушташкан. Өлкөдөгү жарандык коом өкүлдөрү долбоор Орусияда буга чейин кабыл алынган мыйзамга үндөшкөнүн айтып, парламентти аны кабыл албоого чакырган.

Кыргызстанда катталган бейөкмөт уюмдардын саны он миңден ашуун. Алардын ичинен бир жарым миңдейи гана активдүү иш жүргүзөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG