2-3-июнь күндөрү кар аралаш жааган жаандын кесепетинен Ак-Талаа районундагы жайлоолордо 329 баш кой-козу жана 3 баш жылкы өлдү. Бул тууралуу айыл аймак башчылары кабарлаганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Райондук ветеринардык кызматтын билдиришине караганда, жайлоого чыгаар алдында жүнү кыркылган майда мал катуу жаанга туруштук бере албай калган. Ошондой эле буга чейинки кургакчылыктан улам мал арык болгон.
Учурда ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгынын адистери маселени жеринде иликтөө үчүн Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондоруна чыгып кетишти. (SM)