Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Алайда милицияны токмоктоо боюнча кылмыш иши козголду


Алайдагы жол тосуу, 2-июнь, 2014
Алайдагы жол тосуу, 2-июнь, 2014
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев бул окуя боюнча Кылмыш кодексинин 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү) боюнча иш козголгонун "Азаттыкка" билдирди. Азырынча милиционерге кол көтөргөн адамдар кармала элек. Жол тоскондордон аларды чыгарып берүү суралды:

- Биз азыр дагы бир жолу эскертебиз. Эгер акция өткөргөндөр аны укпай, күнөөлүү адамдарды өткөрүп бербесе, милиция кызматкерлери күч колдонууга аргасыз болот, --деди Ашырбаев.

Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан Ош - Эркеч-Там жолун бууп тургандардын арасынан чыккан топ кечээ ал жакка барган милиция кызматкери Алмазбек Маматовду ур-токмокко алган. Бети-башын чүмбөттөп алган атчан жигиттер аны 40 метрге чейин сүйрөп, тепкилешкен. Учурда Маматов ооруканада.

Жол тороп тургандар милиция кызматкерлери сабалбаганын айтып жатышат. Акция катышуучуларынын бири Адалат Мейрачова жол тоскондорду жаманатты кылуу үчүн “ар кандай чагымдар атайын уюштурулууда” деген пикирде.

Депутат Келдибековду үй камагына чыгарууну талап кылгандар аталган жолду 27-майдан бери тосуп турат. (BkA)

XS
SM
MD
LG