Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

Француз институту Ташкендеги ишин токтотот


Мындай чечим өзбек бийликтеринин өтүнүчүнөн улам кабыл алынганын Франциянын Өзбекстандагы элчилиги жарыялады. Бирок институттун жабылыш себептери айтылган жок.

2011-жылга чейин Виктор Гюго борбору деген ат менен белгилүү француз институту Ташкенде 2002-жылдан бери иштеп келген. Ал француз тили боюнча курстарды, маданий иш-чараларды уюштуруп, Франциянын билим берүү программалары, стипендиялары, сынактары тууралуу маалыматтарды таратчу.

Эми француз элчилиги билдиргендей, “өзбек элин француз тили жана маданияты менен тааныштырууну алар мүмкүнчүлүккө жараша” уланта бермекчи. (UE)

XS
SM
MD
LG