Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Бакиев тушундагы окуяларды камтыган саясий детектив чыкты


"Мира", Бермет Букашеванын китеби, 3-июнь, 2014
"Мира", Бермет Букашеванын китеби, 3-июнь, 2014
Бүгүн Бишкекте журналист Бермет Букашеванын “Мира” аттуу романынын бет ачаары болду. Саясий детектив жанрында жазылган романда Кыргызстанда 2005-2010-жылдары болгон саясий окуялар камтылган. Китепте мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон бир катар саясатчылар менен журналисттердин прототиптери бар.

Автор китепти алгач публицистикалык жанрда жазууну көздөп, кийин адабий чыгарма катары жазууну чечкен.

Бермет Букашева белгилүү журналист. Ал 10 жылга жакын “Лица” гезитинин редактору болгон. 2009-жылы мурдагы бийликтердин куугунтугуна кабылып, АКШга кеткен.(BkA)

XS
SM
MD
LG