Камактагы депутат Акматбек Келдибеков Алайда таламын талашып, жол тосуп турган тарапкерлерине кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Келдибековдун коомдук коргоочусу Мамбетжунус Абылов билдирди. Депутат кайрылууда чындык издеп чыккан тарапкерлерине таазим кылаарын айтуу менен ата-бабадан келе жаткан даанышмандыкты, сабырдуулукту эске алып, кан жолду ачып коюуну суранган. "Укук коргоо органдарынын жана бийликтин жасаган адилетсиздигине чыдабай, чындыкты талап кылып жол тосуп жатканыңыздарды түшүнүү менен кабыл алам. Бийликке кошомат кылган ММКлар Алайдагы жол тосууну бир беткей чагылдырууда. Бурмаланган маалыматтардын чындыгы ачылып жатат. Ак ийилет, бирок сынбайт", - деп жазат Келдибеков бул кайрылуусунда.
Депутаттын Алайдагы тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там жолун бууп турат.
"Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталган ЖК депутаты Акматбек Келдибеокв өткөн күздөн бери камакта. Октябрь райсоту өткөн айда анын ишин кароону 27-июнга чейин узартып, депутатты тергөө абагында калтырган чечим чыгарган. (SM)