Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Биометриялык маалымат топтоо 31-августта башталат


Паспорт алуу үчүн толтурулчу кагаздар.
Паспорт алуу үчүн толтурулчу кагаздар.
Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев бүгүн Өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билдирди. Учурда биометриялык маалыматтарды топтоо үчүн жабдыктарды сатып алууга тендер жарыяланды. Ага 18 өлкөдөн 30 компания катышуу ниетин билдирди. Бардык жергиликтүү бийлик органдарына тапшырма берилип, бардык аймактарда биометриялык маалыматтарды топтоо үчүн атайын штабдар түзүлүүдө.

Вице-премьер кошумчалагандай, быйыл 31-августта башталган жараян кийинки жылдын 1-июлуна чейин бүткөрүлүшү керек.

- Биометриялык маалыматты Кыргызстандын 16 жашка толгон ар бир жараны милдеттүү түрдө бериши керек. Ал эми биометрикалык паспортту ыктыярдуу түрдөө каалаган жарандар гана алышат, - деди Сарпашев.

Кыргызстандын туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңешинин жыйынында өкмөткө биометриялык маалыматтарды топтоону сентябрдан тарта баштоо тапшырылган. Анда президент Алмазбек Атамбаев Тайырбек Сарпашевге бул иш аткарылбаса кызматтан алынарын эскерткен.

Биометриялык каттоо 2015-жылы боло турган парламенттик шайлоодо "Бир жаран - бир добуш" системасын камсыздоого багытталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG