Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Кримтөбөл Көлбаев аз күндө абактан чыгат


Камчы Көлбаев сот залында, 18-апрель, 2013.
Камчы Көлбаев сот залында, 18-апрель, 2013.
Жаза аткаруу кызматы кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаев 8-июнда боштондукка чыгарын ырастады. Бул күнү Көлбаевдин абактагы жаза өтөө мөөнөтү аяктайт.

Буга чейин ички иштер министри Абдылда Суранчиев Көлбаевге бир нече айып тагылганына карабай, сот ага жумшак жаза бергенин, жакында абактан чыгаарын кабарлаган. Министр ошондой эле Көлбаев боштондукка чыккан соң милиция аны көзөмөлгө алаарын кошумчалаган.

14-майда Жогорку Сот 40 жаштагы Камчы Көлбаевдин ишин карап, Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ага чейин шаардык сот Көлбаевди 3 жылга эркинен ажыраткан эле.

Өткөн аптада болсо АКШнын Мамлекеттик департаментинин эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы программасы Камчы Көлбаевдин кылмыштуу схемасы жөнүндөгү маалымат үчүн бир миллион доллар сыйлык жарыялады.(BkA)

XS
SM
MD
LG