Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:09

Кыргыз элчилиги Воронежде кулчулукка кабылгандарды бошотууга киришти


Воронеж шаарынан бир көрүнүш.
Воронеж шаарынан бир көрүнүш.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Воронежде кулчулукка тушуккан 8 кыргызстандык жаранды бошотуу иштерин жүргүзүп жатат. бул тууралуу “Азаттыкка” элчиликтин кызматкери Самар Токтоболотов кабарлады. Анын айтымында, кулчулукка кабылган адамдарды бошотуу үчүн элчилик кызматкерлери Воронежге жөнөп кетти.

Буга чейин Москвадагы элчиликке 4 кыргыз жараны жардам сурап кайрылган. Алардын айтымында, май айынын башында 12 кыргызстандык жаранды Бахадыр аттуу адам жакшы айлык убада кылып, Бишкектен Воронежге алып барган.

Бирок ал жакка барган соң документтерин тартып алып, акы төлөбөй таштанды тазалатып иштеткен. Маянасын талап кылгандарды коркутуп, ур-токмокко алган. Мындай шартка чыдабаган төрт жаран 28-майда качып чыккан.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG