Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Маматалиев Өзбекстан менен чектеш аймактарды кыдырат


Вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев бүгүн Жалал-Абад облусундагы Өзбекстанга чектеш аймактарды кыдырып, сугат суу маселеси менен таанышат. Вице-премьер алгач Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычына барып, коңшу мамлекет пайдаланып жаткан бул объект боюнча жергиликтүү элдин пикирин угат.
Тургундар аталган суу сактагычтын нугун буруп, сугаттан кыйналып жаткан кыргыз айылдары үчүн пайдаланууну суранып келет.

Маматалиев "Азаттыкка" билдиргендей, Үч-Коргон ГЭСине жана Кемпирабад суу сактагычына куйган каналдар боюнча адистер менен жеринде текшерүүлөрдү жүргүзүп, суу пайданалуу жаатында талкуу уюштурулмакчы.

Өткөн айда парламентте газ блокадасына жооп иретинде Өзбекстанга суу берүүнү токтотуу демилгеси көтөрүлгөн. Бирок өкмөт бул сунушту кабыл алуудан баш тарткан. (SE)

XS
SM
MD
LG