Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Монголияда кыргыз балбандары ийгиликке жетишти


Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өтүп жаткан жаштар арасында эркин жана грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык 4 балбан байгелүү орунга жетишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” өлкөнүн грек-рим күрөшү федерациясынын вице-президенти Кулболду Исаев билдирди. Анын айтымында, мелдешке Кыргызстандан 18 балбан катышууда:

- Грек-рим күрөшүнөн 55 кг. салмакта Өскөнбай Абдупатаев, 66 кг. салмакта Нуржанбек Абдуганиев, 96 кг. салмакта Узур Жузупбеков биздин ишеничти актап коло байгелүү болду. 74 кг. салмакта Эсен Асанов финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды.

Ал эми кыздар арасында эркин күрөш боюнча күч сынашуулар бүгүн башталууда.(KMa)

XS
SM
MD
LG