Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Ат-Башыда кургакчылыктан улам чөп куурап баратат


Ат-Башыдагы айрым айылдарда малга тоют камдалчу талаага эмдигиче суу жете элек. Бул тууралуу “Азаттыкка” Кара-Коюн айыл өкмөтүнүн башчысы Рустам Таштанов билдирди.

Анын айтымында, сугат учуру эчак өтүп, талаада чөп күйүп баратат. Быйылкы мал тоюттан үмүт үзгөн малчылар башка аймактан чөп издөөгө аргасыз. Быйыл Нарын өрөөнүнө кар аз түшүп, жаз кечигип келген.

«Негизи Ат-Башыда кургакчылык болуп жатат, өзгөчө батыш тарабында. Жаан жаай элек. Кара-Коюн айылында 3000 гектар жер болсо 70 гектары гана сугарылды. Ал эми Кызыл-Туу айылына такыр суу бара элек. Күн жылыбаса, мөңгүдөн суу эрибейт, жаан жаабайт. Эми тоютту сатып алабыз го», - дейт Таштанов.

Быйыл өлкө боюнча кургакчылык өкүм сүрүп жатканын адистер белгилешүүдө. (TSh)

XS
SM
MD
LG