Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

Украинанын жаңы президенти Петро Порошенко ант берди


Петро Порошенко Украинанын президенти
Петро Порошенко Украинанын президенти
Украинанын Жогорку Радасында өткөн салтанаттуу жыйынга алтымыштай чет элдик делегациялар катышты. Алардын ичинде 23 мамлекет башчылары, өкмөт жана парламент жетекчилери жана эл аралык уюмдардын жетекчилери бар. Польша, Беларус, Литванын президенттери, Швейцариянын федералдык президенти, ЕККУнун төрагасы, Канаданын премьер-министри, Европа Кеңешинин президенти, ЕККУнун баш катчысы жана БУУнун баш катчысынын орун басары Киевде өткөн иш-чарага катышты. Беш өлкөнүн вице-премьер-министрлери жана Украинадагы элчилер дагы ант берүү аземине келишти.

АКШнын делегациясында вице-президент Жо Байден, сенатор Жон Маккейн жана Мамлекеттик катчынын жардамчысы Виктория Нуланд бар. Москвадан болсо Киевдеги Орусиянын элчиси Михаил Зурабов катышты.

Буга чейин Порошенко ант бергенден кийинки сөзүндө өлкөдөгү жаңжалды тынч жол менен жайгаруунун планын айтары кабарланган. 25-майда Украинада өткөн шайлоодо Петро Порошенко 54,7% добуш алып, жогорку кызматка шайланган.

XS
SM
MD
LG