Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:17

Ооганстандын түндүгүндө 100дөн ашуун кишини сел алып кетти


Баглан провинциясында жүздөгөн адамдар үй-жайын таштап качууга мажбур болууда, селдин кесепетинен 100дөн ашуун киши өмүрү кыйылды. Бул тууралуу “Азаттыктын” ооган кызматына жергиликтүү бийликтер билдирди. Суу каптаган Гухаргахи-Нур районунда жүздөгөн үйлөр бузулду, учурда тургундарды сактап калуу иштери аткарылууда.

Ооганстандын түндүгү менен чыгыш райондорунда көп жылдык кургакчылыктан кийин соңку айда нөшөрлөгөн жамгырдан сел жүрүүдө. Апрель айында бул аймактагы катуу суу каптоодон жүздөн ашуун киши набыт болуп, миңдеген адамдар турак-жайын таштай качкан.

XS
SM
MD
LG