Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:31

Сарыбашев: Алайда жол тоскондордун үчөөнө кылмыш иши козголду


Акматбек Келдибековду абактан чыгарууну талап кылып Алайда жол тоскондордун үчөөнө кылмыш иши козголду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Алай районунун акими Таалай Сарыбашев билдирди.

Аким кимдерге кылмыш иши козголгонун билбесин айтты. Ал эми прокуратура кызматкерлери менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Жол тоскондордун башында тургандардын бири Керим Сарбашев кабарчыбызга алардын арасынан бирөөлөргө кылмыш иши козголгондугу тууралуу эч ким, эч кандай маалымат бербегендигин, андай мазмундагы билдирүүнү эч ким алып келбегендигин билдирди.

Акматбек Келдибековду абактан бошотуу талабы менен анын тарапкерлери 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там жолун бууп турат.

Буга чейин да жол тоскондорго карата "өзүм билемдик", "ээнбаштык" жана "бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү" беренелери боюнча кылмыш иштери козголгонун "Азаттыкка" Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирген. (ErN/MTo)

XS
SM
MD
LG