Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Египет: Төрт полиция кызматкери өлүм жазасынан куткарылды


Египеттин Аппеляциялык соту абакта отурган 37 исламчыл соттолуучунун өлүмү үчүн айыпталган төрт полиция кызматкеринин ишин кайра тергөөнү Башкы прокуратурага жибергени 7-июнда маалым болду.

Өткөн жылдын август айында айыпкерлерди бир машинеге шыкап салып бараткан полициянын машинасына көздөн жаш агызуучу газ ыргытылып, андан ууланган 37 соттолуучу жан берген.

Сот айыпталып жаткан офицерлердин бирин 10 жылга эркинен ажыратып, берки үч кишинин бир жылдан кести.

Соттун өкүмү бир жыл мурун өлгөн адамдардын үй бүлөлөрү менен адвокаттарынын нааразылыгын туудурду, андагы курмандыктардын көбү бийликтен кулаган президент Мурсинин тарапташтары болуп саналат.

Ал ортодо Египеттин дагы бир соту “Мусулман агайындар” кыймылынын 10 жактоочусуна зордук-зомбулукка түрткү болгон деген киненин негизинде өлүм жазасын чегерди. Соттун өкүмү 7-июнда чыкты.

XS
SM
MD
LG