Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:57

Баткенде милиционер кокус атып алган октон бир жаран жабыркады


Окуя чек арадагы Көк-Таш айылында орун алган. Айыл башчы Разия Өсөрованын "Азаттыкка" кабарлашынча, бүгүн түшкө маал Ички иштер министрлигине караштуу атайын топтун кызматкеринин курал колдонуудагы этиятсыздыгынын айынан аталган айылдын тургуну 20 жаштагы Азамат Ганиев жараат алган. Ок анын белин чырпып өткөн.

Жабыркаган жаран Баткен облустук ооруканасына жеткирилген. Дарыгерлердин айтымында, ок чыгарылды, Ганиевдин өмүрүнө коркунуч жок. Окуяны жергиликтүү милиция иликтей баштады. (SA/JsA)

XS
SM
MD
LG