Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Украина, Орусия, Евробиримдик газ боюнча сүйлөшүүгө отурат


9-июнда Украина, Орусия жана Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Брюсселде Киевдин Москвага газ боюнча карызын чечүүнү сүйлөшөт. Орусиянын энергетика министрлигинин өкүлү сүйлөшүү маалында Орусиядан Украинага ташылган газдын баасы дагы макулдашыларын айтты.

“Газпром” ишканасы февраль айында мурдагы президент Янукович бийликтен кулагандан кийин газдын баасын эки эсе кымбаттаткан. Украина газдын 1 миң куб метрине 268 доллар төлөөдөн баш тартса Москва бааны 485 долларга көтөргөн.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк Москва газ баасын арзандатпаса Киев Стокгольмдогу эл аралык арбитраждык сотко арызданарын айтып коркуткан.

XS
SM
MD
LG