Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Косоводо мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтүп жатат


7-майда Косовонун парламенти өзүн өзү тараткан. Буга парламентарийлердин улуттук армияны түзүү боюнча бир чечимге келе албай койгону себеп болгон.

Косово парламенти үч жылдык мөөнөт менен шайланган 120 депутаттан турат. Анын ичинен 20 орун аз улуттарга бөлүнгөн, калган 100 мандат пропорционалдык система боюнча шайланган депутаттарга берилет. Жаңы парламент түзүлгөндөн кийин мыйзам чыгаруучулар Косовонун премьер-министрин жана президентин шайлашат.

Косовонун демократиялык партиясынын лидери, премьер-министрдин милдетин аткарган Хашим Тачи өкмөттү башкарууга үчүнчү мөөнөткө барары айтылууда.

2008-жылы өзүн Сербиядан көз карандысыз мамлекет деп жарыялагандан бери Косоводо экинчи ирет парламенттик шайлоо өтүп жатат. Маалымат агенттиктери болсо республиканын көпчүлүк калкы экономикалык өсүштүн жоктугуна нааразы экенин, өлкөдө жумушсуздук 35% түзөөрүн жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG