Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:09

Бишкекте "Тезекпром" акциясы үзгүлтүккө учурады


Акция катышуучуларын кармоо, Бишкек, 9-июнь, 2014.
Акция катышуучуларын кармоо, Бишкек, 9-июнь, 2014.
Ак үйдүн алдында бир катар жаштар уюмдары "Тезекпром" акциясын өткөрүүсүнө милиция жол берген жок. Акция башталар замат анын катышуучуларын Биринчи май райондук милициясы "уруксат берилбеген акция уюштуруп жатасыңар" деген негизде күч колдонуу менен кармап кетти. Кармоо учурунда акциянын уюштуруучулары менен милиция кызматкерлери ортосунда катуу жулмалашуу да болуп кетти.

Жаштар уюмдары 10 чакты тезекти атайын жасалгасы менен ороп, президентке, өкмөткө, депутаттарга жана “Кыргызгаздын” башчысы Тургунбек Кулмурзаевге белек кылмак болушкан. Алар муну менен “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” ишканасына сатуу жаңылыштык болгонуна жана Ош аймагы эки айга жакын убакыттан бери газсыз отурганына көңүл бурдурууга аракет кылууну көздөгөн. (ZB)

XS
SM
MD
LG