Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:31

Жол тоскондор менен облус жетекчиси жолугушат


Алайдагы жол тосуу, 7-июнь, 2014
Алайдагы жол тосуу, 7-июнь, 2014
Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков баштаган топ бүгүн кечки саат бештерде Алайдын Сопу-Коргон айылында жол тосуп тургандар менен сүйлөшүү үчүн жөнөп кеткенин "Азаттыкка" облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди. Топтун курамында облустук күч түзүмдөрүнүн башчылары да бар. Жолугушууда жол тосууга тыюу салган райондук соттун чечимин аткаруу маселеси да каралат. Алай райондук соту буга чейин акцияны башка жерде өткөрүү боюнча да чечим чыгарган.

Депутат Келдибековдун тарапкерлери аны үй камагына чыгаруу талабы менен 27-майдан бери Ош - Эркеч-Там жолун бууп турат. Учурда жол тосулган жерде 15 боз үй тигилип, 500 чамалуу киши бар. Ош облустук милициясынан азыр жол тосулган жерде 80ден ашуун, Эркеч-Там бажы бекетинде 139 жүк ташуучу унаа токтоп турганын кабарлашты. Бул жол Кыргызстандын түштүгүн Кытай менен байланыштырган эл аралык маанидеги жол. (SM)

XS
SM
MD
LG