Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:56

Чоң Наманган каналын оңдоого жабууну өкмөт жакынкы жумада карайт


Бул тууралуу вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев билдирди. Анын айтымында, каналды оңдоп-түзөө үчүн жабууну адистер карап, сунуштап чыгышууда:

- Эксперттер негиздеп, сунушун алып келет. Азырынча бул оозеки айтылган сунуш болду. Эми кагаз жүзүндө алып келгенде негиздемесин карап талкуулап, андан кийин чечим кабыл алабыз.

Үч-Коргон суу сактагычынан башталган Чоң Наманган каналы аркылуу Өзбекстанга секундасына 30 куб. метр суу агып кирет. Айрым эксперттер Өзбекстан газ маселесин чечпеген үчүн Кыргызстан сууну токтотууну караштырып жатканын белгилешүүдө. Бирок өкмөт аны четке кагууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG