Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2021 жума, Бишкек убактысы 23:20

Ошто 2010-жылдагы коогалаңды эскерүү иш-чарасы өтөт


Ага вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев катышат. Маматалиевдин айтымында, Ошто эскерүү митинги болуп, андан кийин “Энелердин көз жашы” эстелигине гүл коюлат. Калабалуу окуяда каза болгондорго багышталып куран окулат.

2010-жылы улут аралык кагылышта мамлекеттик комиссиянын расмий маалыматы боюнча 426 киши набыт болуп, 35 киши дайынсыз жоголгон. 10-июндун алдында Ош жана Жалал-Абадда тартип коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте кызматка өтүштү. (AiT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG