Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Кулунум Акыл, кайдасың?


Акыл Мурзаев
Акыл Мурзаев

Жалал-Абадда июнь коогасында жоголгондордун үчөөнүн дайыны али күнчө белгисиз. Алардын бири Акыл Мурзаевдин апасы издөө жакшы жүрбөй жатканына нааразы.

Төрт жылдан бери баласы табылбай, көз жашы төгүлгөн Марсиана Мамаеванын күйүтү күч. 24 жаштагы уулу Акыл Мурзаев адам тургай айбанга да кара ою жок, боорукер болуп өскөн экен.

- Уулум Москвада туулган. Кийин бул жакка көчүп келгенбиз. Адегенде Көк-Жаңгакта, кийин Жалал-Абадда жашадык. Кем сөз, ичкилик ичпеген, тамеки чекпеген, зыңкыйган, ушак-айыңды, жаңжалды жаман көргөн бала болчу. Беш убак намазын үзбөй окуп жүргөн . Адамдар “Балаңыз эстүү” деп суктанчу. Мени аяп камыр жууруп, нан бышырчу. Кирин жуудуртчу эмес, - дейт Мамаева.

Эми минтип, ошол жибектей созулган Акыл Мурзаевдин дайыны 2010-жылкы июнь каргашасынан бери белгисиз. Андан бери апасынын кайрылбаган уюму, барбаган жери калган жок. 13-июнда Жалал-Абаддын чет-жакасында, Сузактын Таш-Булак айылында да улут аралык чыр уланган. Анда жоголгон эки адамдын бири Акыл Мурзаев.

Энесине телефондон: “Апа, мына келатам” деп жооп берген экен. Чыр басылган соң Марсиана күйөөсү экөө Таш-Булак айылындагы шектүү жайларды милиция менен бирге кыдырып, баласын тапкан эмес. Эки сөзүнүн биринде күч кызматкерлерине нааразы болгон аял “балам табылат” деген үмүт менен жашап, дагы да уулунан үмүт үзбөйт. Айтымында, шектүү дарыгер күбө катары суралбай, окуядан кийин четке качып кеткен анын кошунасы “Итбагар” деген каймана аты бар кишиге издөө жарыяланбады:

- Адегенде “Балам ушунча күндөн бери дайынсыз” деген арызыбызды бере албай койдук, ОИИБ да, ШИИБ да албайт. Акыры арызыбызды 18-июнда кабыл алды. Бирок орган жөндөп иштеген жок. Мечиттерден издедик. Күйөөм Таш-Булактагы мечиттин ичинен узун-узун шамшар-бычактарды көрүптүр. “Бу мечиттегилер намазды бычак менен окушат экен да?” деди кийин.

“Ушу врачты камап сурасаңар, ушундан бирдеме чыгат” деп милицияга айттым. Сурабай койду. Менин баламдын телефону ошонун кызынан табылып жатат. Кызы баламдын телефону аркылуу Сары-Бээ деген жерден, Майлуу-Суунун жанынан чалыптыр. Таш-Булакта эки бала жок болуп жатат. Врачтын кошунасы, “Итбагар” деген каймана аты бар киши 2010-жылы ташбулактыктардын лидери болгон. Эки баланын жоголушуна ошо күнөөлүү, ага биздин органдар издөө жарыялабай отурат.


Кайдасың, уулум Акыл?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00


Марсиана сурак бербеди деген дарыгер Мырза Бектенов мындай кинеге макул эмес. Ал үйүнүн жанында жаткан өлүк боюнча ички иштер, улуттук коопсуздук, прокуратура органдарына төрт жылдан бери күбө катары сурак берип жүрүп тажаганын айтууда. Акылдын телефонунан чалган деген кызы да сурак берген:

- Жыйырма-отуз жолу сурашты. Марсиананын баласыбы, башканыкыбы, өлүкпү, тирүүбү, мен аны билбейм. Бир бала эки-үч сааттай жатты. Менин заборум өрттөнгөндө күйгөн жыгач баланын үстүнө түшүп, анын бут жагы күйө баштады. Адамдар менен кошо суу алып чыгып, өчүрдүм. Нөөмөттөгү милицияга чалсам келбеди. Ит-куш жеп кетпесин деп кечинде короого алып кирип, жуурканга ороп, эртеси жолдун боюна алып чыгып койдум. Кошуналарга “милиция келсе сөөктү алып кетсин” деп дайындап, өзүм бала-чакам менен ата-энемдикине кеттим. Үч-төрт күндөн кийин келсем “сөөктү солдаттар алып кетти” дешти. Менин кызым Жалал-Абаддан Ноокенге барган, башка эч жакка чыккан жок. Күйгөн эки телефонду үйдүн жанынан таап алган экен. Ал аркылуу эч ким менен сүйлөшкөн эмес. “Аны эмне аласың?" дегенимде кызым ыйлап, машинанын айнегинен ары ыргытып жиберген. Бишкекке чейин барып сурак берип келди.

Облустук ички иштер башкармасынын жетекчи орун басары Мелис Шералиев окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, баланы Марсиана менен чогуу жети милиционер издеген:

- "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок дайынсыз жоголгондор боюнча кылмыштын бети ачыла элек. Өлүк ошол “Итбагар” дегендин үйүнүн жанынан чыккан. Биз да шектенебиз. Бирок күбөлөр так көрсөтмө бере албагандыктан ал адамга издөө жарыяланган жок.

Милициянын ырастоосунда облуста июнь коогасында 32 адам дайынсыз жоголгон. Алардын 29у табылып, ким экени аныкталган. Калган үчөөнүн дайыны дагы эле жок.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG