Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Гуантанамодогу талибдерди алмашуу процесси иликтенет


АКШ Конгрессинин коопсуздук күчтөрү боюнча комитети Ооганстанда 5 жыл туткунда кармалган америкалык аскерди беш ооганга алмашуу процессин иликтейт. Бул тураалуу Калифорния штатынын конгрессмени Говард Макеон билдирди.

Дүйшөмбүдө Конгрессте жабык өткөн бирфингде президент Барак Обаманын администрация өкүлдөрү мыйзам чыгаруучуларга аскер менен 5 талибди айырбаштоо себебин түшүндүрүшкөн.

Айрым конгрессмендер "президент террористер менен соодалашууга барып, америкалык аскердин баасын бычты" деп сындап келишет. Алар президент администрациясын террористердин Гуантаномо түрмөсүнөн бошотулушу тууралуу алдын-ала маалымат бербей мыйзам бузду депайыпташууда.

Майдын аягында АКШ менен талибдердин бир жылдык сүйлөшүүсүнөн кийин бул процесс ишке ашкан. Талибдердин колунда 5 жыл туткунда жүргөн Бергдал Гуантаномо түрмөсүндөгү 5 ооган согушкерге айырбашталган.

XS
SM
MD
LG