Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

"Тезекпромдун" катышуучулары шаардык сотко кайрылат


Мавлян Аскарбековду милиция кармап кетүүдө. Бишкек, 9-июнь, 2014.
Мавлян Аскарбековду милиция кармап кетүүдө. Бишкек, 9-июнь, 2014.
Акциянын уюштуруучуларынын бири Мавлян Аскарбеков соттун бул чечимине каршы шаардык сотко арыз жолдошоорун, анткени аларга административдик иш козгоого эч кандай негиз болбогонун бүгүн "Азаттыкка" билдирди.

Кечээ Ак үйдүн алдына "Тезекпром" деп аталган флеш-моб акциясына чыккандардын ичинен алты активистти милиция кармап кеткен. Кийинчерээк аларга Административдик кодекстин 371- беренесинин 1-бөлүгү -- Милиция кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийген эмес деген негизде иш козголгон эле. Кечээ кечинде бул ишти караган Биринчи май райондук соту Руслан Бекназаров, Мавлян Аскарбеков жана Сонунбек Жунусбаевге 200 сом, Мелис Аспековго 300 сом айып пул салган. Жана Тимур Саралаев менен Шайлообек Атазов деген эки активистти актаган.

Аталган акцияда жаш саясатчылар бийлик өкүлдөрүнө белек катары даярдалган тезектерди тапшырууга аракет жасашмак. Бул акция Ош шаарына газ берүү маселеси чечилбей жатканына байланыштуу уюштурулган.(SM)

XS
SM
MD
LG