Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:02

Жалал-Абад - Казарман жолу ачылды

Облус борбору менен Тогуз-Торо районунун борборун туташтырган узундугу 160 чакырым болгон Жалал-Абад - Казарман жолу менен автоунаалар каттай баштады. Аталган жол деңиз деңгээлинен 3080 метр бийик турган Сары-Кыр ашуусуна кар калың түшкөндүктөн былтыр окябрь айында жабылган болчу. Жолду кар күрткүлөрдөн, таш-шагылдардан тазалоого жана ремонт иштерине райондогу №6-автоөндүрүштүк ишканасынан алты техника иштегендигин облустук бийликтин маалымат катчысы Жолдошбай Осмонов билдирди. (YA)
XS
SM
MD
LG