Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:36

"Фридом хаус": Демократиянын төмөндөшүнө Орусия себепкер


Уюмдун 12-июнда жарыяланган баяндамасында “Өткөөл мезгилдеги өлкөлөрдө” 2013-жылы демократиялык жараяндар төмөндөп кеткени айтылган. Өзгөчө постсоветтик чөлкөмдө Орусия “репрессиянын деңгээлин көтөрдү” деп белгиленген.

Баяндамада мурунку советтик өлкөлөрдө, Балканда жана Борбордук Европада коррупция өскөнү, мурунку советтик 12 республикада демократия он жылдан бери төмөндөп келатат деп айтылган. Бирок Украина жана Кыргызстанда жарандык коом 2013-жылы туруктуулугун көрсөттү, Балканда да позитивдүү жылыштар болууда деп белгиленген. (AiT)

XS
SM
MD
LG