Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

АКШ Ирактагы абалга тынчсызданып, жардамга даярдыгын билдирди


Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө, Кошмо Штаттар Ирак өкмөтүнө керек болгон бардык жардамды берүүгө даярдык айтылган. Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Жен Псаки:

- Биз Түркия жана Ирак өкмөтү менен байланышта турабыз жана ар кандай жардамды берүүгө даярбыз.

"Ирак жана Леванта ислам мамлекетинин" жоочулары 11-июнда Мосулдан кийин Тикрит шаарын басып алышты. Түрк өкмөтү Мосулда Түркиянын 80 жараны барымтага алынган үчүн НАТОнун чукул жыйынын чакырууну талап кылды.

Январь айында жоочулар Рамади жана Фаллужа шаарларынын бир бөлүгүн басып алышкан. Андан кийин Мосул жана Тикрит шаарларын басып алышты. Жүз миңдеген адамдар үйүн таштап качышты. Ирак өкмөтү өзгөчө кырдаал киргизди. (AiT)

XS
SM
MD
LG