Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:38

Жол тосууга каршы сот чечими 16-июнда күчүнө кирет


Алайдагы жол тосуу, 7-июнь, 2014
Алайдагы жол тосуу, 7-июнь, 2014
Ош - Эркеч-Там жолун тоскондорго тыюу салган Алай райондук сотунун чечими 16-июнда күчүнө кирээрин "Азаттыкка" Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

- 6-июнда чыккан сот чечими 10 күндүн ичинде күчүнө кирет. Эми азыр өкмөт жол тосууну сүйлөшүүлөр аркылуу токтотууга аракет кылып жатат. Эгер жол тоскондор сүйлөшүүдөн баш тартса сот чечимин аткарууга туура келет, - деди ОИИБинин өкүлү.

Алай райондук соту 6-июнда абактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлеринин топтолушуна тыюу салган чечим чыгарган. Соттун мындай чечимине райондук прокуратуранын жол тосууга тыюу салуу боюнча арызы себеп болгон.

Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери Ош - Эркеч-Там жолун Алайдын Сопу-Коргон айылынын тушунан 27-майдан бери бууп турат. Алар депутатты үй камагына чыгарууну талап кылышууда. Жол тосулган жерде азыр 15 боз үй, 4 чатыр тигилип турат. (UEz)

XS
SM
MD
LG