Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:43

БУУ Ирактагы абалды талкуулады


Ирак -- Мосулдун жанындагы аскерлер, 12-июнь, 2014.
Ирак -- Мосулдун жанындагы аскерлер, 12-июнь, 2014.
Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ирактагы касташкан тараптарды улуттук диалогго чакырды. Бирок кеңешке мүчө 15 өлкөнүн өкүлдөрү 12-июндагы жыйында исламчыл согушкерлерге каршы аракет көрүү маселесин карашкан жок.

АКШ президенти Барак Обама шийилер менен сунни арабдарды “пикир-келишпестиктерди жоюуга” үндөдү. Ирактагы окуяларды ал чукул кырдаал катары сыпаттап, аба соккулардын ыктымалдыгы тууралуу суроого, “ар кандай болушу мүмкүн” деп жооп берди.

Бейшемби күнү Ирак парламенти өзгөчө кырдаал киргизүү маслесин кароо үчүн чогулуп, бирок сунни жана күрт депутаттары сессияны бойкоттошту. Өзгөчө абал премьер-министр Нури ал-Маликиге көбүрөөк ыйгарым бермек.

Ошол эле күнү АКШнын Мамлекеттик департаменти Ирактагы жаңжалдан жапа чеккендерге 12,8 миллион доллар гуманитардык жардам берилээрин маалымдаган.

XS
SM
MD
LG