Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Украин армиясы Мариупол шаарын кайтарып алды


Мариупол шаарындагы украин аскерлери, 13-июнь, 2014.
Мариупол шаарындагы украин аскерлери, 13-июнь, 2014.
Киев өкмөттүк күчтөр козголоңчулардын көзөмөлүндөгү Мариупол шаарын кайтарып алганын билдирди. Ички иштер министри Арсен Аваковдун Фэйсбукта жазышына караганда, бүгүн куралдуу күчтөр саат 10 жарымдарда шаардын негизги административдик имаратына улуттук желекти илишти.

Кармашта 5 жикчи окко учканы, бери дегенде 2 жоокер жарадар болгону кабарланууда. Анын алдында Аваков армия таң атканда Мариуполго чабуул койгонун жазган.

Кечээ Киев Украинанын чыгышына Орусия тараптап 3 танк жана башка аскердик техника кирип келгенин билдирген:

- Орусия Федерациясы тынчтык процессин колдоорун, чек араны көзөмөлдөө күчөтүлгөнүн ырастаганы менен биздин чалгындоо кызматы акыркы 3 күндө жикчилер ээлеп алган Дьякове районундагы чек ара пункттарынан кербендер өткөнүн байкаган, - деди Аваков.

Бүгүн президент Петро Порошенко Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефон сүйлөшүүсүндө бул фактыга каршылыгын билдирди. Бейшембиде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров зомбулукту токтотуу багытында эч кандай алга жылуу жоктугуна камтамасын айткан.

XS
SM
MD
LG