Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:56

Иракта шийи диниятчысы куралдуу күрөшкө чакырды

Ирак -- Согушкерлер Мосул шаары алынганын белгилешүүдө. 12-июнь, 2014.
Ирак -- Согушкерлер Мосул шаары алынганын белгилешүүдө. 12-июнь, 2014.
Иракта Аятолла Али ал-Систанинин өкүлү, шийилердин таанымал диниятчысы сунни согушкерлеринин өлкөнүн айрым чөлкөмдөрүн ээлеп алышына байланыштуу куралдуу күрөшкө чакырды. Ал-Кайида менен байланыштагы согушкерлер үстүбүздөгү аптада эки ири шаарды – Мосул менен Тикритти өз көзөмөлүнө алышкан. Алар Багдадга да жетишээрин ырасташууда. Өкмөт шаарды коргоо күчтөрү жогорку даярдыкка келтирилгенин билдирди.

Сунни исламчылар ошондой эле 12-июндун кечинде Диала чөлкөмүндөгү Саадия жана Жалавла шаарларын басып алышты.

БУУнун Адам укуктары боюнча өкүлү Нэви Пилай Ирактагы абалдын начарлашына байланыштуу “терең камтамасын” билдирди.
XS
SM
MD
LG