Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:49

Бейөкмөт уюмдар жана кумсаларга каршы акция өтүүдө


Бишкектеги Курманжан датка айкелинин алдында “Калыс” кыймылынын 10 чакты өкүлү акция өткөрүүдө. Алар Жогорку Кеңештин депутаттарынан Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчы деп атоо жана сексуалдык азчылыктар тууралуу маалымат каражаттарында чагылдырууга тыюу салуу мыйзам долбоорлорун тезинен кабыл алууга чакырды. Бул максатта 5 миңден ашык кол топтолгонун айткан кыймылдын башчысы Жеңиш Молдокматов аталган мыйзам долбоорлор "улуттук кызыкчылыктарга жооп берет жана өлкө коопсуздугун сактоо үчүн тезинен кабыл алынышы зарыл" экенин айтат.

Жогорку Кеңеште ушу тапта депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчы деп атоо боюнча жана Курманбек Дыйканбаев, Төрөбай Зулпукаров демилгелеген сексуалдык азчылыктар боюнча мыйзам долбоорлору талкууланууда. Өлкөдөгү жарандык коом өкүлдөрү долбоор Орусияда буга чейин кабыл алынган мыйзамдарга үндөшкөнүн жана демократиялык баалуулуктарга каршы келерин айтып, парламентти аны кабыл албоого чакырган. (BkA/ZB)

XS
SM
MD
LG