Белгилүү сүрөтчү, бейнечи – Асан Турсункулов, отуз жыл ичиндеги мыкты эмгектерин “Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына” жана “Кыргыз мамлекетинин бекемдүүлүгүнө” арнап Көркөм сүрөт музейине койду. Асан Турсункуловдун картиналары кыргыз элинин нарк-насилине, маданиятына, тарыхына сүңгүгөн эпикалык өзөктү камтыйт. Кыргыз санжырасын, анын мистикалуу философиясын жана уламыш-болумушун баяндайт. Боёктордун ар бир шилтемине чейин элдин-элдүүлүгүн, мамлекеттин биримдигин бек кармоого чакырып тургансыйт. Ата-бабалардын али чети оюла элек бай мурасына өз көз карашын сүрөттөрү аркылуу билдирет.
Асан Турсункуловдун ажайып сүрөттөрү
1
Миңдеген жылдар учугу узарып келе жаткан, кылымдардын рух-отун жаккан: "Манас - Кыргыз ааламы". 2001-жыл.
2
Асан Турсункуловдун Улуттук Гапар Айтиев атындагы Көркөм Сүрөт галереясында ачылган жаңы көргөзмөсүнүн афишасы. Сүрөттө: ортодогу Манасчы Саякбай Каралаевдин бейнеси. Ал өзүнүн каармандарынын курчоосунда, берилип уккан элдин курчоосунда күргуштөгөн дайрадай толкуп отурган учуру. Жанында тепейип, ага муюган, "Манас ааламын" аралап жүргөн кичинекей шакирти. Муундардан - муундарга өтүп аткан оомал-төкмөлдүү улуу дүйнө.
3
Бурананын тарыхында айтылып калган уламыш боюнча тартылган. Буранада жалгыз жашаган ханзада кыз өргөөсү менен: "Буранадагы ханзада". 2004-жыл.
4
Кабылан жолборс сүрөгөн, алп арстан жандап жиреген бабалар жөнүн сурасаң, жети атадан кеп башта: "Жети Ата". 2012-жыл.
5
Көргөзмөнүн чордонун түзгөн, аты коюлган башкы картина - кыргыз жан-дүйнөсүн, рухун, тилин-дилин чагылткан: "Алтын тутка". 2001-ж.
6
Буурул чачтуу Ала - Тоо курчаган кыргыз жеринин ар бир кыры - ичи "зер"ге толо казына. Эчи чети кызыл, жашыл "кумуралар" тизилген "Алтын Чөйчөк". 2004-жыл.
7
Жөнөкөй шахтер: "Бактыбай Бекмурзаев". 2009-жыл.
8
Элеттик карыя: "Бакас Садыров". 1999-жыл.
9
Такты орогон ажыдаар - үлпүлдөгөн жалыны араң жанган колдоочубу, коргоочубу, же тетирисинчеби, баары маңдайга жазылган: "Буйрук". 2014-жыл.
10
Жөнөкөй, карапайым адамдардан, залкарларга чейин бейнелери чебер тартылган портреттер - Асан Турсункуловдун сүрөтчүлүк өнөрүнүн дагы бир мыкты жагы.
11
Али толук изилдене элек, али табышмак, али сырдуу жана сүрдүү, бир кездеги улуу кыргыз каганатынын сөөлөтү: "Каганат". 2014-жыл.
12
Колундагы кутту жандырган аял: үй жарыгы, берекеси толо, колунда барын сунуп турган: "Дөөлөт алып келүүчү айым". 2014-жыл.
13
Пейзаждар. Сүрөтчүнүн ар тараптуу иштеринин бири.
14
Элдик накыл кеп: "Дөөлөт - тоголок, мээнет - жалпак". Адам - башына бир конгон дөөлөттү көтөрө да, кармай да билүү керек: "Дөөлөт". 2014-жыл.
15
Ар бир адамдын турмушунда кайсы бир учурларда болуп өтчү сырдуу белгилер аян катары айтылып келген: "Аян". 2014-жыл.
16
Колуна кут конгон, магдырап ойго тунган айым - анын чексиз сырын чечүүгө белсенгендей, аны менен сыр бөлүшкөндөй. Ар бир аял эмне үчүн үйдүн куту экенин билип, аны дайым кармап турушу керек дегендей: "Алтын кут". 2014-жыл.
17
Элеттеги ээн калган үймөк чөптүү талаалар, жакында эле болуп өткөн чөп чабыкты, талаа толгон кобур-собур, шыңкылдаган күлкүлөрдү, шайыр ырлар менен шаңдуу үндөрдү сагынып, кусалуу тургансыйт: "Үймөк". 1994-жыл.
18
Жаңы бийик үйлөрдүн жанында байкалбаган, эске албаган өткөнүбүздөй - иңирдеги терезеси үмүттүү жанып турган: "Эски коргон". 1993-жыл.
19
Өздөрүндөй - эски болсо да, али жылуулугу кете элек, сүйкүмдүү дубалдарга сүйөнүп, өткөн- кеткенден кеп салып эртели-кеч эрмектешкен байбиче менен карыя: "Маек". 2002-жыл.
20
Жаштар сыйлыгынын, Гапар Айтиев атындагы эл аралык сыйлыктын ээси, сүрөтчү - Асан Турсункулов.