Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Пакистан армиясы Түндүк Вазиристанга абадан сокку урууда


Аба күчтөрүнүн 16-июндагы соккусунда 20га жакын жоочу жок кылынганын аскер өкүлдөрү кабарлашты. Бирок көз карандысыз булактар аны тастыктай элек. Карачи аэропортуна кол салуудан кийин Пакистан армиясы 15-июндан тарта Түндүк Вазиристанда чабуулду күчөттү. Ал күнкү чабуулда Өзбекстан ислам кыймылынын 105 жоочусу, анын ичинде Карачи аба майданына чабуулду уюштургандардын башчысы өлтүрүлгөнү кабарланды.

Түндүк Вазиристанда 50 миң киши үйүн таштап кетүүгө мажбур болду. Кошуна Ооганстандын Хост провинциясынын губернатору 10 миң киши аларга качып өткөнүн билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG