Украинанын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Виталий Ярема эки айдан берки жикчилдерге каршы согуш операцияларында коопсуздук күчтөрүнүн 125 кызматкери өлтүрүлгөнүн бышыктады.
Ярема курмандыктардын арасында аскерлер, полиция, чек арачылар, коопсуздук кызматынын өкүлдөрү бар экенин бышыктады. 14-майда Донецкте сепаратисттер атып түшүргөн согуштук учактагы 49 аскер кызматкеринин набыт болушу украин армиясынын эң ири жоготуусу болуп калды.