Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Оморканов: Токмок мэриясына карата айтылган сын негизсиз


Бүгүнкү пикетте Токмок шаар жетекчилигине карата айтылган сын негизсиз. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаар мэри Анвар Оморканов билдирди. Анын айтымында, бир жылда отуз текшерүү жүрүп, эч кандай мыйзам бузуу аныкталган эмес.

- 2013-жылы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр жагынан облус боюнча Токмок биринчи орунду алды. 20 жылдан бери талкаланган жолдор оңдолуп, 1 жылда бала бакчаларда 500 жаңы орун ачылды, - дейт Оморканов.

Токмок шаарында бүгүн мэрди кызматтан алууну талап кылган митинг өттү. Шаар башкармалыгынын алдына чогулган 30 чакты адам Оморканов калаанын көйгөйлөрүн чечүүгө жөндөмсүз болуп жатканын айтып, кызматтан кетишин талап кылды.

Оморкановду мэрликке эки жыл мурда шаардык кеңештеги "Ынтымак" тобу алып келген. (RK)

XS
SM
MD
LG