Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:25

Иса Өмүркулов боюнча соттук териштирүү бүгүн уланат

Бишкектин Октябрь райондук сотунда экс-мэр Иса Өмүркулов жана анын адвокаты акыркы сөз сүйлөйт. Мамлекеттик айыптоочу Иса Өмүркулов мэр кезинде Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы парктан жер тилкелерин мыйзамсыз берген деп 8 жылга эркинен ажыратууну сураган. Өмүркулов менен кошо мэриянын бир катар мурунку кызматкерлери да соттолууда. Адвокаттын жана айыпталуучунун сөзүнөн кийин сот чечим чыгаруу үчүн кетет. (AiT)
XS
SM
MD
LG