Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Жалал-Абадда сел жүрдү


17-июнда катуу жааган жаандан улам Аксы районунун Үч-Коргон айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, сел кесепетинен 9 турак үйдү жана 16 сарайды суу каптап, 76 гектардан ашык үлүш жерди сел алып кеткен. Учурда чыгым эсептелүүдө.

Мындан сырткары Сузак районунун Барпы айылында сел жүрүп, Жалал-Абад – Чангет унаа жолунун 2 чакырымына ылай толуп калган. Унаа жол тазаланып, бүгүн таң эртеден ачылды. (BkA)

XS
SM
MD
LG